Шаардын тарыхы

Каракол (байыркы кыргызча: 𐰴𐰀𐰺𐰀𐰴𐰆𐰞) — Ысык-Кол облусунун борбору. Ысык Көл ойдуңунун чыгыш бөлүгүндө, Тескей Алатоонун этегинде деңиз деңгээлинен 1690–1825 м бийиктикте жайгашкан. Айанты 44 км². Калкы 79 330 адам (2019). Шаардын курамына Пристан–Пржебалск шаарчасы кирет.

Каракол шаары 1869-жылы Чүйдөн Кашкарды көздөй кеткен кербен жолунда манап Колбарска шаар негиздегенге жер табуу жана аны түптөө буйругу боюнча негизделген. 1869-жылдын биринчи Кулжа айында шаардын биринчи көчөлөрү, аянты жана конок үйү курулган. Бул күн шаардын түптөлүү күнү катары белгиленип, жана анын жанынан өткөн суунун «Каракол» деген ысымын алып калган.

Шаар генералдык план боюнча түз кырдуу салынган жана көптөгөн жашыл бакчалардан турат, анткени ал учурдагы шаардын мыйзамына ылайык, ар бир курулган үйдүн алды-артында гүл бакча болуусу зарыл болчу. План боюнча, гүлзарлуу-шаар түптөө элеБорбор Азиянын башка шаарларына салыштырмалуу курулган үйлөр да башкача типте салынып келген. 1887-жылга чейин негизинен топурак-бетон үйлөрү салынып келинсе, ал эми 1887-жылдан кийин шаарда жыгач үйлөрдүн саны өсүп, алар жыгачтан кесилип жасалган бай оймолордон турган.

1872-жылы Караколдо 132 үй короосу курулган. 1897-жылы шаардын калкынын саны 8108 адамга жеткен. Учурда шаарда, болжол менен 65443 адам жашайт.

Шаар бир нече жолу өз атын өзгөрткөн: 1889-жылга чейин Каракол деп аталса, андан кийин орустар канынын буйругу менен орус саякатчысы жана изилдөөчүсү Н.М.Пржевальскийдин ысымын ыйгарган. Н.М. Пржевальский Караколго жасаган өзүнүн бешинчи жолку саякатында көз жумган. Анын аманаты менен сөөгү Ысык-Колдун жээгине коюлган.

1922-жылы шаарга Каракол аты кайтарылган. Ал эми 1939-жылы Н.М.Пржевальскийдин жүз жылдыгына карата шаар кайрадан анын ысымын алып жүргөн. 1992-жылы Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан соң шаар Каракол деп аталып келүүдө.

Төңкөрүшкө чейинки Кыргызстандын башка шаарларына салыштырмалуу Каракол шаарынын маданияты жогору турган.Бул шаардан көптөгөн саякатчылыр, окумуштуулар жана илимроздор чыгып, Борбор Азиянын изилдөөлөрүнө чоң салым кошушкан. Шаарда Кыргызстанда биринчилерден болуп Я.И.Корольковдун ысымын алып жүргөн метеостанция 1887-жылы ачылган. Ошондой эле Барсовым Н. М. атындагы алгачкы коомдук китепкана, 1907-жылы штабс-капитан В. А. Пяновскийдин буйругу менен жылкы заводу курулган.

Экономикалык жактан шаар Ысык-Көл чөлкөмүнүн борбору катары жакшы өнүгүп келген. 1894-жылы шаардын кирешесинин 34% соода сатыктар түшүп турган. Ошону менен бирге эле шаарда өнөр жай курулуштары да ишке кире башташкан. 1914-жылы шаарда жанан анын аймактарында 60 чакан өнөр жайлар иштеп келген.

Учурда Каракол шаарында ЭТЗ, чакан тигүү цехтери, эт жаатындагы жеке менчик чарбалардан башка өнөр жай жок. Билим берүү жайларынан шаарда К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университети, медициналык орто билим окуу жайы, педагогикалык окуу жайы, Түркиялык ишкерлер тарабынан 1992-жылы ачылган Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, Т.Сатылганов атындагы лицей ж.б. 15 жалпы билим берүүчү мектептер бар.

Табияты

Шаар жайгашкан жердин рельефи негизинен түз, көл тарапка бир аз жантайыңкы. Шаардын түштүк тарабындагы күдүрлүү түздүктөрдү эгилме өсүмдүктөр жана шалбаа ээлейт. Шаардын түштүгүнөн чыга бериште Каракол капчыгайы башталат. Анын капталдарында шалбаа жана карагайлуу токой өсөт. Климаты континенттик, кышы жумшак, жайы жылуу.

Каракол — Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынан кийинки Кыргыз Республикасынын чоңдугу боюнча төртүнчү шаары. Караколдун калкы 2009-жылдагы эл каттоонун маалыматы боюнча 67 100 адамды түзгөн.

2009-жылдык каттоодо шаарда жана ага бай ийген аймактарда 66 294 жаран бар.

Маданий турмушу

Шаарда 2 кесиптик-текникум окуу жайы, 4 текникум жана 2 жогорку окуу жайы бар. 2001/02 окуу жылында 1215 окуучу окуган. 14 жалпы орто билим берүүчү мектеп, а. и. лисей жана гимназиа, 16 мектепке чейинки балдар мекемеси бар.

Драма театр, жер таануу музейи, 5 клубдук мекеме, 20 китепкана, 2 кинотеатр, 12 киноустанобка, балдардын музыкалык мектеби бар.

Шаарда бир облустук оорукана, диспансер, а. и. кургак учук, 2 стоматологиалык поликлиника, санитардык-эпидемиологиалык стансия жана 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.

Ажайып жайлар

Каракол мыкты сейилдөө, селсаяктоо, лыжа тебүү жана жогорку борборду Тенир тоодогу альпинизм үчүн жакшы негиз катары кызмат кылган, Кыргыз Республикасынын негизги туристтик багыттарынын бири болуп саналат. Ошондой эле, бул шаар маданий жактан бай жер, мисалы, ар кандай этностук топтор ушул жерде жашашат: дангандар, уйгурлар, калмактар, өзбектер, орустар жана албетте кыргыздар. Шаар башка улуттардын жана маданияттарды аныктоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк берет.