Караколдо унаа 75 жаштагы кемпирди сүзүп кетти. Айдоочу аны ооруканага жеткирип, андан соң качып кеткен.

Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 31-августта саат 15:30 чамасында Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Көлдөн маалымат келип түшкөн. Аймактык бириккен оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө жол кырсыгынын кесепетинен ар кандай дене жаракаттары менен улгайган аял жеткирилген.

Бул катталган маалымат боюнча окуя болгон жерге Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу келип, иштин чоо-жайын тактоо иштерин жүргүзүшкөн. Жабыркаган аялды суракка алган милиция кызматкерлери ошол күнү саат 15:00дөр чамасында Пристань-Пржевальск айылынын 75 жаштагы тургунун жөө адамдар өтүүчү жерден белгисиз унаа сүзүп кеткендигин аныкташкан. Кырсыктан кийин белгисиз унаанын айдоочусу жабырлануучуну ооруканага жеткирип, андан соң белгисиз тарапка качып кеткен.

Жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочуну аныктоо жана кармоо максатында «Перехват» планы киргизилип, Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүндө коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган бардык милиция кызматкерлери багыт алды.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору тарабынан жол кырсыгына кабылган Хонда үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу аныкталып, кармалган. Анда жол кырсыгы боюнча күнөөсүн мойнуна алган Түп районунун Ичке-Суу айылынын 29 жаштагы С.Н.

Бардык чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн Каракол шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Унаа камакка алынды.