Караколдо Татарстандан келген артисттердин коштоосунда сабантуй өттү. Сүрөт

Сабантуй — татар жана башкырлардын жазгы талаа иштеринин бүтүшүнө арналган элдик майрамы.

Караколдо «Татулык» коомдук бирикмесинин жана Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен сабантуй улуттук майрамы өткөрүлдү. Бул туурасында Россиянын дипломатиялык өкүлчүлүгү маалымдады.

Иш-чарага шаар мэриясынын өкүлдөрү жана Татарстандан келген чыгармачыл топтун артисттери катышты. Келген коноктор үчүн концерт, көңүлдүү конкурстар, викториналар жана жарманке уюштурулду. Ошондой эле Караколдун тургундары спорттук мелдештерге дагы чыгышкан.